Коом

Диний сабаттуулукту жогорулатуу окутуулар өткөрүлүүдө

Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана “Ыйман” руханий маданиятты өнүктүрүү фонду менен биргеликте “Мамлекеттик мыйзам жана салттуу Ислам боюнча сабаттуулукту жогорулатуу” аталышында 72 сааттык имамдардын билимин өнүктүрүү жана дасыгууну жогорулатууга багытталган окуу курсу болуп өттү.

Иш-чарага Нарын облусунда башталган административдик-аймактык реформанын алкагында айыл аймактарын ирилештирүү пилоттук долбоорунун натыйжасында түзүлгөн облустун 27 айыл аймактарынын имам-хатибдери катышты.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Нарын облусундагы өкүлү Алмазбек Максутов “Диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты жүргүзүүнүн мыйзамдык негиздери” боюнча баяндама жасап,эки күндүк окуу курсунун жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button