Каныбек Туманбаев ипотекага кезекке тургандарга кайрылды: Эч ким кезекти өзгөртө албайт

«Жакында фейсбук байланыш тармагы аркылуу онлайн байланышка чыккамын. Анда Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын ишмердүүлүгү, батирлерди берүүнүн тартиби жөнүндө айтып бердим», — деп жазды президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев соцтармактагы баракчасына.
«Биздин кызматкерлер тарабынан кандайдыр бир терс көрүнүштөр болсо, ачык айтыңыздар деп кайрылдым. Ошондо жарандарыбыздан “кезекти жылдырып коюп жатышат”-деген суроолор келип түшкөн.
Ыкчам реакция жасап, МИКтин ишмердүүлүгүн текшерип чыктым. Сиздерге так айтып коеюн, кезекке туруу тартиби боюнча: эч ким кезекти жылдырып же өзгөртүп сала албайт. Система ушундай түзүлгөн, андайга жол берилбейт. Кандай гана маселе, суроо талаптар же нааразычылыктар болсо мен ыкчам көңүл бурам», — дейт Туманбаев.



