Коом
Жайылдагы стационардык мекемедеги окуя боюнча комиссия түзүлдү

Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун Жайыл социалдык стационардык мекемеси тууралуу маалымат чыккандан кийин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова комиссия жөнөттү.
Ведомстводон билдиришкендей, эмгек министринин орун басары жетектеген комиссия жагдайды тактоо үчүн жерине жөнөп кетти.
Комиссиянын курамына ошондой эле Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кирди.
Комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ведомство кошумча маалымат берет.



