Эркин күрөш боюнча балбандар дүйнө чемпионатында байгесиз калды
Кыгызстандын эркин күрөшү балбандары Албаниядагы дүйнө чемпионатында байгесиз калды.
Дүйнө чемпионаты күрөштүн олимпиадалык эмес салмактары боюнча өтүүдө. Ал 28-октябрда башталган, бүгүн, 31-октябрда жыйынтыкталат.
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбандарынан мелдешке Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг), Алибек Осмонов (70 кг) жана Арсалан Будажапов (79 кг) катышты. Жумашбек уулу менен Осмонов биринчи кармашында, Будажапов экинчи беттешинде атаандашына жеңилди. Аларды жеңген спортчулар финалга чыга албагандыктан, кыргызстандык балбандар коло үчүн күрөштү улантуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.
Белгилей кетсек, бул мелдешке Кыргызстандын грек-рим балбандары да катышкан. Таймашка чыккан 4 балбан тең байге ала алган жок. Кыз-келиндер күрөшүнөн эч ким катышпады.