Коом
Бишкектеги №23 мектеп жабылды. Себеби

Билим берүү жайы сейсмикалык институттун корутундусуна ылайык ишин токтоткон. Учурда имарат тиешелүү адистер тарабынан изилденип жатат.
Мэрия мектепти бузуу чечими кабыл алынса, ордуна заманбап талаптарга ылайык жаңысы салынарын кошумчалады.
Күзгү каникулдан кийин бул мектепте окугандарды башка мектептерге бөлүштүрүү иштери жүргүзүлөт.