Коом

Кыргызстан Өзбекстанга картошка экспорттой баштады

Кыргызстандын соода өкүлчүлүгү Өзбекстандын «Olma» супермаркеттер тармагы менен айына 80 тонна картошка экспорттоо боюнча келишим түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандагы эң ири супермаркеттер тармактарынын бири – “Олмага” кыргыз картошкасын экспорттоону «Кыргыз Агрохолдинг» ачык акционердик коому жүзөгө ашырат.

Белгилей кетсек, “Олма” супермаркеттер тармагы менен түзүлгөн келишим Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода мамилелерин өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам, ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт..

Өзбекстандагы эң ири супермаркеттердин тармагы менен кызматташуу айыл чарба продукциясынын экспортун көбөйтүүгө гана өбөлгө болбостон, Кыргызстан картошкасынын брендин региондогу сапаттуу экологиялык таза жана популярдуу товар катары таанытууга жардам болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button