ИИМде илимий-практикалык конференция өттү
2024-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөгөн улут аталары жөнүндө” Жарлыгынын аткаруу максатында «Кара Кыргыз Автономиялуу облусуна 100 жыл: тарыхый инсандар жана алардын мурастары» аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
Илимий иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Бекбосун Борубашов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков, Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, ИИОнун генералдары, ардагерлери, белгилүү тарыхчылар, жогорку окуу жайлардын жана ИИМдин Академиясынын профессордук-окутуучулук курамдары, курсанттары жана студенттери катышты.
Конференция Кара Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөн мезгилинен баштап Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн калыптанышынын негизги этаптарын ар тараптан изилдөөгө багытталган илимий изилдөөлөрдү колдоо жана өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.
Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков илимий конференциянын катышууларына ыраазычылык билдирди.
“Бүгүнкү биздин конференциянын актуалдуулугу шексиз. Глобалдык процесстердин таасири артып, тез өзгөрүп жаткан ааламдашуу заманында башатыбызды аңдап, тамырыбызды талдап, мамлекеттүүлүгүбүз кандай калыптангандыгын жана ийгиликтүү келечек үчүн өткөндөн кандай сабак алсак болорун аныктап алуу – учурдун талабы. Эркин кыргыз мамлекетинин жаңы заманда кайрадан курулушу Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков сыяктуу улуу инсандардын тагдыры жана ишмердүүлүгү менен киндиктеш, ажырагыс байланышта. Бул адамдар автономиялуу облус үчүн гана күрөшпөстөн, Кыргызстандын келечектеги мамлекеттик өнүгүүсүнүн пайдубалын түптөшкөн. 1924-жылдын октябрында болгон бул окуя биздин элибиздин тарыхында анын саясий жана маданий турмушунда жаңы этаптын башталышын белгилөөчү маанилүү окуя болуп калды. Себеби, кыргыз мамлекеттүүлүгүн, маданиятын жана экономикасын калыптандырууда жана чыңдоодо алардын бүтүндөй бир өмүр менен шартталган эмгектери биз үчүн өтө маанилүү””-деди министр өз сөзүндө.
Ал эми илимий иш-чаранын катышуучулары Кара Кыргыз Автономиялуу облусунан эгемендүү мамлекетине чейинки калыптануу процесстерин ар тараптуу изилдөө боюнча тарыхый документтерди системалуу изилдөө жана архивдөө үчүн илимий институттардын алдында жумушчу топторду түзүүнү жана бир катар сунуштамаларды иштеп чыгышты.