Кызыктар

Сезимдериңиз тууралуу туш келген адамга айтып каласыз: 1-ноябрга гороскоп

Кой. Бул карызга, салыкка, камсыздандырууга, кыймылсыз мүлк жана мураска байланышкан маселени чечүүгө эң сонун күн. Анткени, бүгүн сизде бардык нерсеге реалдуу жана сак көз караш орун алат, айрыкча карыздан кутулуу боюнча. Сиз акыбалды жакшыртууну каалайсыз.

Букачар. Бул өнөктөштөр же жакын достор менен олуттуу сүйлөшүүгө идеалдуу күн, анткени сиз маселенин маңызына кире аласыз. Балким, эмгекти жана чыгымдарды бөлүштүрүү боюнча маселени талкуулайсыз. Жашы улуу же тажрыйбасы көп адам жакшы кеңеш берет.

Эгиздер. Бүгүн сиз жумушта көп нерсеге жетише аласыз, анткени баарын кылдат жана чын дилден жасайсыз. Сиз майда нерселерге да көңүл бургандыктан бир ишти кайра кайталоого туура келбейт. Сиз “жети өлчөп, бир кес” накыл кепти бүгүн катуу карманасыз.

Бөйөн.  Балдарыңыз бүгүн жоопкерчиликке аябай бек болушат. Же сизде балдар тууралуу: аларды ким карайт, билим алуусуна, кийимине, тамагына чыгымды ким жабат деген сыяктуу олуттуу талкуу болушу мүмкүн. Бул күн ошондой эле көңүл ачуу, меймандостук индустрия жаатында да талкуу жүргүзүүгө ылайыктуу күн.

Арстан. Бүгүн үй-бүлө мүчөлөрү менен жолугушсаңыз өкүнбөйсүз. Алар менен баарлашып өзүңүзгө ишеним топтойсуз. Ошондой эле үй-бүлөнүн карыган мүчөлөрүнө байланыштуу маселени чечесиз.

Бийкеч. Бүгүн сиз болуп жаткан нерселерге олуттуу жана бир топ диний көз караш менен карайсыз. Анткени жаңы нерселерди үйрөнүп, турмуштук маселелерди ким бирөө менен, айрыкча улуу муундагылар менен талкуулаганга умтуласыз. Бүгүн жума, бирок эртеңки эс алуу күнүн майрамдоону бүгүн баштоодон алыс болуңуз.

Тараза. Бюджетиңизди түзүп, акчаңызды кайда жумшоону пландоого ыңгайлуу күн. Карызга батуу оңой, бирок чыгуу кыйын экенин унутпаңыз. Финансылык акыбалыңызды жакшырта турган ар кандай ыкмаларды ойлонуштуруңуз.

Чаян. Жаратылышыңыздан сиз жабык адамсыз. Бирок бүгүн сезимдериңиз тууралуу туш келген адамга да айткыңыз келип калат. Жакшысы улуу адамга же тажрыйбалуу адамга кеңеш же жардам суроо үчүн кайрылыңыз.

Жаачы. Жалгыздыкта болуп, айрым маанилүү идеяларды ойлонуңуз. Жуманын соңунда балким кимдир бирөөлөр менен жолугуп баарлашкыңыз келет. Бирок көп нерсени үйрөнүүгө муктаж экениңизди айрыкча, балдарга болгон мамилеңизди психологиялык жактан карап чыгуу зарылдыгын унутпаңыз.

Текечер. Сиз дайыма келечек пландарыңызды ойлоп жүрөсүз. Болуп жаткан нерселерге практикалык көз караш менен карай билиңиз. Бул күн кимдир бирөөдөн кеңеш суроого ылайыктуу күн. Бул жолду сизге чейин басып өткөн адамга кайрылууга эмнеге болбосун?

Суу пери. Бүгүн ата-энеңиз менен чын дилден сүйлөшө аласыз, ошондой эле эгер кааласаңыз жетекчиликке же кадырлуу адамдарга кайсы бир маселеңиз болсо, бүгүн кайрылып мүмкүнчүлүгүңүздү пайдаланып калыңыз. Анткени бүгүн сиз күндөй болуп жаркып турасыз, а жаркып турган адамды эч ким ары түртө албайт.

Балык. Бүгүн билимди оңой кабыл аласыз, анткени акыл-эсиңиз абдан активдүү иштеп баштайт. Ошондуктан мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, буга чейин ишке ашыра албай жаткан пландарыңызга чечкиндүү киришиңиз. Басылма, юридикалык жана медициналык маселелер оңой чечилет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button