Коом
Профилактика, реабилитация жана реинтеграция чөйрөсүндөгү моделдер жана алдыңкы практикалар: эл аралык тажрыйба
Бүгүн, 1-ноябрда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борбору жана Чыр-чатактарды трансформациялоо боюнча Nordic Center тарабынан “Профилактика, реабилитация жана реинтеграция чөйрөсүндөгү моделдер жана алдыңкы практикалар: эл аралык тажрыйба” аталышында тегерек стол өткөрүлүүдө.
Иш-чаранын максаты маалыматтык – профилактикалык иштерди жүргүзүүгө, ошондой эле реабилитация жана реинтеграция боюнча эл аралык тажрыйбалар менен таанышууга жана талкулоого багытталган.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер, академиялык коомчулуктун, жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.