Коом
“Кыргызстан сулуусу — 2024” сынагынын женүүчүлөрүнүн бири Айпери Нурбекова эми эл аралык сынакка катышат
Бул тууралуу ал баракчасына жазды.
Сынак Япониянын Токио шаарында 12-ноябрда өтөт.
Эске салсак, июль айында “Кыргызстан сулуусу — 2024” сынагы өтүп, анда дароо үч бийкеч жеңишке жеткен.
24 жаштагы Айпери Нурбекова “Жер сулуусу” наамын жеңип алган. Ал эми 16 жаштагы Ариет Санжарова «Дүйнө сулуусу», 18 жаштагы Мери Кувакова “Аалам сулуусу” аталышкан.