Маданият
2025-жылы маданият тармагына кошумча үч миллиард сом бөлүнөт
Абубакир Изибаев атындагы мамлекеттик цирктин ачылышында маданият министри Алтынбек Максүтов соңку жылда Орто Азияда жок музыкалык техникалар, LED экрандар 1 миллирад сомдон ашуун каражатка сатып алынганын айтты.
Ошондой эле 500 миллион сомго артисттерге костюм, форма, музыкалык аспаптар алынса, тарыхый мурастарды сактоо, изилдөө жана калыбына келтирүүгө 600 миллион сом каралган.
“2016-жылы биринчи жолу министр болуп келгенимде 30 миллион сом бөлүнсө абдан кубанганбыз. Азыр ал күндөрдү жылмайып эстеп жатабыз. Ал эми 2025-жылы кошумча маданиятты өнүктүрүүгө 3 миллиард сом бөлүнгөнү турат”, — деди Максүтов.