Окуялар

Токтогулда адам өлтүргөн жаран кармалды

2024-жылдын 23-октябрь күнү Кара-Көл ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө, 1987-жылы туулган Кара-Көл шаарынын тургуну Ж.Б арыз менен кайрылып. Анда ушул жылдын 19-октябрь күнү саат 17:00 чамасында жолдошу 1976-жылы туулган Ж.Д өзүнүн Айбек жана Серега аттуу тааныштары менен бирге Токтогул районундагы 8-Кашар жайлоосуна кеткен бойдон дайынсыз экендигин айтып аны табууга жардам сурап кайрылган.

Аталган маалымат Кара-Көл ШИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, аймактык караштуулугу боюнча Токтогул РИИБдин тергөө кызматына жөнөтүлүп, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.

Токтогул милициясынын ыкчам иш аракеттеринин негизинде, 2024-жылдын 23-октябрь күнү дайынсыз болуп жаткан Ж.Д.аттуу жаранды издөө учурунда Токтогул районунун Кара-Суу дарыясынын жээгиндеги дарактын бутактарына илинип калган абалда 45-50 жаш курактар чамасында жансыз дене табылгандыгы жана ал жансыз дене киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган. Ал эми жансыз денеге карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ошол эле күнү Токтогул РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишине шектүү катары 1962-жылы туулган Кара-Көл шаарынын тургуну мурда соттолгон Г.С. аттуу жаран кармалып, Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө иш аракеттеринин жүрүшүндө 1962-жылы туулгун Г.С. аттуу жаран өзүнүн жасаган кылмышын мойнуна алып, Д.Ж. экөө өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетип, аны балта менен башына чаап өлтүрүп алып сууга ыргытып жиберген жана окуя болгон жерден изин жашырып кеткендиги маалым болгон.

Ал эми 2024-жылдын 25-октябрь күнү Токтогул райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынып, эки айга камакка алынган.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button