Билим берүү министри Бишкектеги мектептердин биринде мугалим менен ата-эненин чыры боюнча үн катты
Буга чейин интернетке шаардагы мектептердин биринде окуучулардын биринин апасы педагогду балдардын көзүнчө кагып, жемелеген видео тараган.
«Менин балам менен үнүңдү көтөрүп сүйлөгүдөй кимсиң? Бул сенин менчик мектебиң эмес. Сен директор эмес, жөн гана мугалимсиң! Мээмди чакпа, сендейдин далайын көргөм. Сени менен министрликтен дагы сүйлөшөбүз«, — деген ал ыйлап жаткан мугалимге.
Окуя №57 мектепте болгону белгилүү болуп, министр үн каткан.
«Мугалим жалдап алган кул же малайың эмес. Эч кимдин эч качан сабак өтүп жатканда класска киргенге акысы жок! Окуучулардын жана ата-энелердин алдында басмырлоого жол берилбейт! Буга укук коргоо органдары баа берет деп ойлойм жана жеке көзөмөлүмө алдым. Мугалим ата-энеден ашса ашат, бирок кем калбай балдарга тарбия, билим берип жатат«, — деп жазган Догдуркүл Кендирбаева.