КоомКызыктар

Баарына даяр болуңуз! 12-ноябрга карата гороскоп

Кой

Бир нерсеге күмөн санай турган убакыт өткөн мезгилге калды. Бүгүн сиз кандай ийгиликтерге жетишип жатканыңызды жакшы билесиз. Болгондо да, сиз өзүңүздүн асыл максатыңызга жолду оңой табасыз. Эми эң кыйыны ага кирүү болот.

Букачар

Бүгүн баарын бүтүрүүгө аракет кылып,  өтө шашкалаптап калууга жол бербеңиз. Сиз  шашкалактаганда абалды ого бетер  оорлотосуз. Тынчтан, шашпаңыз,  ошондо баары өзүнөн-өзү жолго түшө баштайт.

Эгиздер

Сиз жакшы жана  узак эс алууга татыктуусуз.  Эгерде эс алууга убакыт жок болсо, жок дегенде узак болбосо да анча-мынча убакыт өзүңүзгө бөлүңүз. Бул  эс алуу сизге сөзсүз керек.

Бөйөн

Айланаңыздагыларды жөн гана бага бербеңиз — алар сиздин  айткан сунушуңузга, пикириңизге таасир этсин. Кудай жар болсун,  сиздин сөзүңүз аларга таасир этсин, балким пайдалуу нерсе сунушташат… Сабырдуу болуп, күтө туруңуз. Айланаңыздагы адамдар сизге карата өзгөрүшү керек.

Арстан

Бүгүн кызматкерлер менен баарлашууда кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн. Алардан кеңеш сураба жана чыр чатактан алыс бол.

Бийкеч

Азыр сиз өзгөчө кырдаалга даяр болуңуз, бул  кырдаал абдан жакшы болушу мүмкүн. Бүгүн жумушта көпкө калуу ыктымалдыгы жогору. Турмуштун кыйынчылыгына наалыган адам болбойт, бирок сабырдуу болуңуз, баары сиз ойлогондой чечилет.

Тараза

Бүгүн сиз өзгөчө  чечимдерди, акыл оюндарын жана башка кылдат нерселерди талап кылган иштерде мыкты болосуз. Жыйынтык: пирсинг, кесүү, эң негизгиси оор нерселерди кармабоо жакшы. Ийгиликтүү күн.

Чаян

Бүгүн сиз ишиңиздин жыйынтыгында эмнеге ээ болгуңуз келгени тууралуу так түшүнүккө ээ болосуз. Сиз каалаган нерсеңизге жетесиз, сиз аны алуу зарылдыгынан эч качан шектенбеңиз. Баары жакшы болот.

Жаачы

Бүгүн бирөөнүн ишине кийлигишүүгө аракет кылбаңыз. Башкаларга жардам берүү каалооңуз бааланбайт. Андыктан өз гана ишиңизди аткарыңыз.

Тоо теке

Бүгүн сизге мурда бүтпөй калган иштер катуу тоскоол болот. Канчалык шашсаңыз да эски иштер менен күрөшүүгө туура келет. Же алар менен башка бирөө  күрөшүп, аракет кылат.  Бул сиздин бактыңызга жараша болот. Андыктан ишти бүткөрбөй калтырбоо керектигин эми сезесиз.

Суу куйду

Сиз тараптан башкаларга көңүл буруу, жардам берүү  бүгүн абдан жакшы бааланат. Кийинчерээк кымбат баалуу белектер менен сизди алдоого аракет жасагандарга мүмкүнчүлүк бербеңиз. Эч кандай белексиз эле ишти бүтүрүүгө боло турганын билдириңиз.

Балык

Өзүңүздүн денеңиздин талаптарын шашылыш угуңуз; Бүгүн ал өч ала алат. Ооруп калбаңыз жана эс алыңыз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button