Спорт
Кыргызстандын футбол командасы Иранга 2:3 эсеби менен жеңилип калды
Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.
Мелдештин биринчи бөлүгүндө каршылаштар эки гол киргизүүгө үлгүрдү. Андан кийин Кожо Жоэл эки гол киргизип, эсепти теңдей алды. Анткен менен биздин дарбазага дагы бир топ кирди.
Иран 16 упай менен «А» тайпасында лидер бойдон калды. “Ак шумкарлар” болсо үч упай менен бешинчи орунда. Кыргызстандык футболчулардын квалификациянын кийинки этабына өтүү мүмкүнчүлүгү бар. Алдыда төрт оюн күтүп турат.