Маданият
Улуттук филармониядагы уникалдуу музыкалык аспап — орган 9 млн сомго оңдолду
Бул Борбор Азиядагы жалгыз орган экенин Маданият министрлиги кабарлады. Аны Москвадан келген жогорку квалицикациялуу адистер оңдоп, калыбына келтирген.
Улуттук филармониянын органы мындан жарым кылым мурун орнотулган. Музыкалык аспап эми Филармониянын репертуарын кеңейтүүгө, уникалдуу концерттерди кайра жандандырууга салымын кошот.