Садыр Жапаров Астанада ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясында сөз сүйлөдү
Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, Астана шаарында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими Уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясында сөз сүйлөдү.
ЖККУ төрагалыгы 2025-жылы Казакстандан Кыргызстанга өтөт. Сөзүнүн башында Мамлекет башчысы биздин өлкө Уюмдун ырааттуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн бардык зарыл болгон аракеттерди жасайт, деп ишендирди.
Президент кызматташуунун багыттарына, биринчи кезекте регионалдык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча жалпы көз караштарды белгилөө үчүн саясий документтерди кабыл алуу практикасын андан ары колдонуу жолу менен тышкы саясий өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө басым жасады. Садыр Жапаров тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо маселелеринде ЖККУнун ролун күчөтүү үчүн өз ара кызыкчылык жараткан чөйрөлөрдө эл аралык уюмдар жана үчүнчү өлкөлөр менен диалогду улантууга өзгөчө көңүл буруларын белгиледи. Кыргызстан эл аралык терроризмге каршы күрөштө КМШ жана ШКУнун профилдик түзүмдөрү менен кызматташууну тереңдетүүгө көмөк көрсөтөт. Мындан тышкары, медиа-мейкиндикте уюмдун позитивдүү образын илгерилетүү боюнча иштер улантылат.
Президент ошондой эле Жамааттык күчтөрдүн даярдыгын жогорулатуу, ченемдик укуктук базаны жакшыртуу, ыкчам жана күжүрмөн даярдыктын биргелешкен иш-чараларын ишке ашыруу, ошондой эле спорттук иш-чараларды өткөрүү аркылуу аскердик түзүмдү мындан ары да өнүктүрүүнү айтып өттү. «ЖККУнун Башкы катчысынын тынчтыкты сактоо маселелери боюнча атайын өкүлүнүн ишмердүүлүгүн активдештирүү аркылуу ЖККУнун тынчтыкты сактоо компонентин өнүктүрүүгө багытталган кадамдарды жасайбыз. Аскер кадрларын даярдоо системасын жакшыртуу үчүн алдыңкы тажрыйба алмашуу маанилүү», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы, ошону менен кошо аскердик-экономикалык кызматташтыктын натыйжалуулугун ырааттуу жогорулатуу пландарын айта кетти.