Коом
Эми онлайн кредиттер дароо берилбейт
Улуттук банк мындай чараны соңку маалда шылуундардын көбөйүп кеткендигине байланыштуу кабыл алды. Бул үчүн насыяны “токтотуп туруу мезгили” деген түшүнүк киргизилди. Бул маалда кредит ала турган адамга насыя алуудан баш тартууга же келишимди бузууга мүмкүнчүлүк берилет.
Мисалы, 15 миң сомдон 50 миң сомго чейин банктан карыз алганда “токтотуп туруу мезгили” 3 саатка созулат. 50-100 миң сомдук кредитте — 6 саат, 100 миң сомдук жогорку кредитке — 24 саат болот.
Ошондой эле 100 миңден ашык кредит алынган маалда банктын кызматкери кардардын өздүгүн тастыктоо үчүн телефон чалып, текшерет. Чалууга жооп берилбей калса, акча которулбайт.