Коом
Камчыбек Ташиев: «2025-жылы күзгө чейин УКМКнын бардык кызматкерлери үй менен камсыздалат»
Камчыбек Ташиев УКМКнын Биринчи Май жана Свердлов райондук бөлүмдөрүнүн жаңы имараттарын пайдаланууга берди.
«Биздин өлкөнүн бардык аймактарында ушундай бөлүмдөр ачылып бүттү. Сиздер кайсы жерге барып кызмат кылбаңыздар бардык шарттар бар. Материалдык-техникалык базабыз чыңдалды. Айлыктарыбыз көтөрүлдү. Көпчүлүгүңөр мамлекет тарабынан үй-жай менен камсыз болдуңуздар. 2025-жылы күзгө чейин УКМКда иштеген бардык кызматкерлер 100 пайыз үй менен камсыз болушат. Эч ким үйсүз калбайт»,- деди ал.