Дүйнө
Путин Астанага келгенде көчөдөгү экранда Украинанын желеги көрсөтүлгөн. Кылмыш иши козголду
Казакстандын Ички иштер министрлиги 27-ноябрда Владимир Путиндин Астанага сапары учурунда Орусиянын желегинин ордуна Украинанын желеги илинген көчө экранына байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирди.
Кечээ социалдык тармактарда Казакстандын борборундагы Астана опера театрынын жанына орнотулган LED-экрандан Украинанын желеги көрсөтүлгөн видеосу тараган. Көп өтпөй экран өчүп, ошол бойдон иштеген эмес.
Полиция мыйзамсыз аракеттерге күнөөлүүлөр жоопко тартыларын убадалады. Ал арада Казакстандын Мамлекеттик техникалык кызматы Астанадагы LED-экран хакердик чабуулдун натыйжасында бузулганын жарыялады.