Окуялар

Жөө жүргөнчүнү сүзүп кеткен айдоочу Тез жардамдын артынан баратып өзү каза болуп калды

Окуя кечээ Элебесов — Февраль көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Mersedes-Benz Е320 үлгүсүндөгү унаанын 65 жаштагы айдоочусу жол чийининен өтүп бараткан 44 жаштагы адамды сүзүп алган. Тез жардам кызматы жабырлануучуну салып, сүзүп алган киши анын артынан өзүнүн унаасы менен кеткен. Бирок ооруканага жеткен эмес. Жабырлануучунун туугандары ЖМКга кайрылып, качып кеткен айдоочуну табууга жардам сураган. 

Сүзүп алган айдоочу Тез жардам кызматын коштоп баратып, Фрунзе — Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине жеткенде каза болуп калганын Бишкек ШИИБинен билдиришти. 

Жабырлануучу ооруканага жаткырылган. Айдоочу эмне себептен каза болгону айтылган жок. Экспертиза дайындалып, тергөө жүрүп жатат. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button