Коом
Өзгөндөгү айланма жол жакында ачылат
Ал Кыргызстандагы алгачкы акы төлөнүүчү трасса болмокчу. Узундугу 14 чакырым. Жолго эки көпүрө салынган. Учурда айдоочулар үчүн төлөм пунктун орнотуу иштери аяктап жатат.
Бийлик бул айланма жол ачылгандан кийин Бишкек — Ош трассасында тыгын азаярын, айдоочулар Өзгөнгө кирбей эле түз өтүп кетип каларын билдирди. Жаңы жолдун акысы канча болору азырынча белгисиз.