Жалал-Абад шаарында «Мамлекет жана дин» аталышында талкуу өттү
Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун соцкоргоо, архитектура, айыл өкмөт, коомдук ишмерлер, жаш активисттер, диний уюмдардын өкүлдөрү жана башка тийиштүү тараптардын катышуусунда «Мамлекет жана дин» аталышында семинар уюштурулду.
Иш-чарада дин чөйрөсүндөгү мамлекет тарабынан жасалып жаткан иштер, мыйзамдардын аткарылышы, репатрианттардын интеграциясы, диний уюмдардын ишмердүүлүгү жана өз алдынча башкаруу бийлик органдары менен тыгыз кызматташтыгы боюнча КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жана «Мутакалим» уюмунун жооптуу өкүлдөрү тарабынан баяндамалар жасалды.
Мындан сырткары экстремисттик пропагандалык багыттагы материалдардын, тастыкталган маалыматтардан айырмалоо боюнча теориялык-практикалык окутуу менен коштолду.
Жыйынтыгында, катышуучулар тарабынан суроо-сунуштар берилип, келечектеги иш-чаралар планын биргеликте аткарууну күчөтүү чечими айтылды.