Чүйдө 8 млн. сомдон ашык суммадагы психотроптук заттар алынды
ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан ИИМдин Атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядынын кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларын жана атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү жолу менен психотроптук заттарды жеткирүү, өндүрүү жана сатуу каналдарын тосуу боюнча атайын операция ийгиликтүү жүргүзүлдү.
Тактап айтканда, ИИМдин БМЖКККна Чүй облусунун аймагында сатуу максатында психотроптук заттарды өзгөчө ири өлчөмдө өндүрүү пландаштырылып жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түштү.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча ИИМ БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан 1995-жылы туулган С.А.Д., жаран аныкталып, качууга аракет жасап кармалган.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө С.А.Д. аттуу жаран баңгизаттар салынган жашыруун жерден психотроптук заттарды алып, унаасына салганы аныкталган.
Эксперттин корутундусуна ылайык, изилдөөгө берилген заттардын үлгүлөрү «Спайс» психотроптук заттар болуп аныкталган.
Психотроптук заттарды сатууда, С.А.Д. жарандын мыйзамсыз кирешеси 8 млн. 750 миң сомдон ашышы мүмкүн болмок.
Ошентип, синтетикалык баңгизаттарды өндүрүү боюнча баңгилабораторияны түзүү, ошондой эле өлкөнүн аймагында психотроптук заттардын 50 миңден ашык дозасы жайылтылышынын алдын алынган.
Кармалган С.А.Д. козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын Свердлов райондук Тергөө кызматы тарабынан 282-беренеси (сатуу максатында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголуп Бишкек шаарынын № УКЖ киргизилди.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын-тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.