Спорт

Боксчу Мунарбек Сейитбек уулуна 50 миң доллар берилди

Бокс боюнча эл аралык ассоциация (IBA) Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулуна 50 миң доллар тапшырды. Бул тууралуу Кыргызстандын Бокс федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сыйлык Дубайда өткөн Глобалдык бокс конгрессинде тапшырылган.

«Бокс боюнча эл аралык ассоциациянын президенти Умар Кремлев Олимпиаданын медаль ээлерин сыйлады. Алардын арасында Мунарбек Сейитбек уулу дагы бар. Ал бокстун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн сыйланды», — деп айтылат маалыматта.

Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Париж Олимпиадасынын күмүш медаль алган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button