Спорт
Кыргызстандык спорчулар Сием-Рип шаарында өткөн дүйнө чемпионатында 10 медаль алды
Кыргызстандын тай бокс боюнча улуттук курама командасы Камбоджанын Сием-Рип шаарында өткөн дүйнө чемпионатында 10 медаль багындырды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.
Маалыматка ылайык, команданын эсебинде 8 алтын, 2 күмүш медаль бар.
Алтын медаль алгандар:
— 70 кг – Махабат Орозбекова;
— 54 кг — Диана Заинитдинова (14 жаш);
— Нурсултан Карбозов (14 жаш);
— Алия Саалиева (16 жаш);
— Милана Шихшабекова (17 жаш);
— 60 кг — Адела Асылбек кызы (17 жаш);
— 57 кг — Альберт Бактыбеков;
— 60 кг – Элазан Замирбеков.
Күмүш медаль алгандар:
— Аланур Абдыкаров (15 жаш);
— Ихтияр Каныметов.
Команда башкы машыктыруучу Дилшат Даутовдун жана машыктыруучу Александр Кононенконун жетекчилиги астында чемпионатка катышты.