Окуялар
Бишкекте 2 кабаттуу үй өрттөнүп, 19 адам жатаканага көчүрүлдү
Өрт 10-декабрда Балбан-Таймаш жаңы конушунда болгон. Анда батир жалдап жашагандар турган эки кабаттуу үйдөн өрт чыккан. Сүрөттөн тамдын чатыры, экинчи кабаты толугу менен күйүп, эч нерсеси калбаганын көрүүгө болот.
Бул үйдө жашаган 19 адам убактылуу №1 гимназия-интернатына жайгаштырылган. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес. ӨКМ кырсыктын себеби такталып жатканын кабарлады.
@abal-kg