Коом

Гимнди өзгөртүү демилгеси. Комиссиянын курамына 8 депутат кирди

Кечээ түзүлгөн комиссиянын курамындагы депутат Азамат Исраиловдун ордуна бүгүн Жанар Акаев кире турган болуп өзгөрдү. Ошону менен депутаттык комиссияга Аккулу Бердиев, Бактыбек Марипов, Жанар Акаев, Винера Раимбачаева, Кубанычбек Самаков, Саидбек Зулпуев, Советбек Рустамбек уулу, Айбек Маткеримов кирди. 

Эми өкмөт түзгөн ведомстволор аралык комиссия гимндин үч вариантын даярдап, Жогорку Кеңешке сунуштайт. Депутаттар алардын ичинен мыкты делгенин тандайт. 

Кечээ Исхак Масалиев адилеттүүлүк болушу үчүн гимнди өзгөртүү боюнча комиссияга депутаттар кошулбай эле койсо деген сунуш берген эле. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button