Коом
Бишкекте дагы бир «Эл Аман» дарыканасы ачылды
Бүгүн Бишкек шаарындагы №1 шаардык клиникалык ооруканда кезектеги «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.
Иш-чарага министр Алымкадыр Бейшеналиев катышып, Нарын жана Ысык-Көл облустарында дагы эки дарыкана иштей баштаганын белгиледи.
Жылдын аягына чейин калкты жеткиликтүү баада дары-дармектер жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуучу 100 «Эл Аман» мамлекеттик дарыкана ачуу пландалууда.
Бул Бишкек шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарынын базасында ачылган 20-мамлекеттик дарыкана жана учурда республика боюнча жалпысынан 95 дарыкана иштеп жатат.