Бишкектеги кол салуу. 31 миллион 264 миң рубль акчаны алып кетишкен
Бишкектеги каракчылык окуясы боюнча Бишкек шаардык милициясы кошумча маалымат берди.
11-ноябрь күнү саат 16:50дө Бишкек шаарынын Чокморов көчөсүндө бычак менен куралданган беткапчан белгисиз төрт адам 31 миллион 264 миң рубль акчаны банктан алып жумушка бара жаткан 2004 жана 1996-жылы туулган жарандарга каракчылык кылып, кол салышкан.
Кол салгандар жабырлануучуларга карата күч колдонуп, денесине залал келтирип, акча салынган рюкзакты тартып алышып, кылмыш болгон жерден Форд Фокус үлгүсүндөгү унаа менен качып кетишкен.
Жабырлануучулардын колдору жана беттери кесилгендиктен ооруканага жеткирилип, тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголду. Тергөө учурунда каракчылык кылган 4 жаран окуя болгон жерден качып кетишкен Форд Фокус унаасын Чуйков көчөсүндө таштап, чет элдик номур тагылган Лада үлгүсүндөгү унаага түшүп кеткени такталды. Бул окуя ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынып, кылмыш жасаган адамдарды аныктоого жана кармоого багытталган бардык тергөө аракеттери жана издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.