Спорт
Бишкекте Садыр Жапаровдун катышуусунда кезектеги футбол өтөт
Бишкекте 14-15-декабрь күндөрү өлкөнүн ар кыл тармактарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн 16 команданын катышуусу менен «Мурас» салттуу достук мелдеши өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Аталган достук мелдеш жетинчи жолу ойнотулат. «Кыргыз Республикасынын президентинин командасы», «Жогорку Кеңеш», «Көзөмөл», «Аймактар, «Ден соолук», «Коопсуздук», «Фемида», «Спорт чеберлери», «Журналисттер», «Өнөр», «Билим», «Достук», «Динамо», «Ыйман», «Банктар жана бизнес» жана «Ноокат» командалары катышат. Мелдеш президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен өтөт.