Коом

Экс-Башкы прокурор Асанбек Шаршеналиев менен коштошуу зыйнаты болуп өттү

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылганай бүгүн, 2024-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын
Башкы прокуратурасында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, юстициянын 1-класстагы Мамлекеттик кеңешчиси, юридика илимдеринин доктору жана Кыргыз Республикасынын экс-Башкы прокурору Шаршеналиев Асанбек Шаршеналиевичти акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү.

Митинг-реквиемге Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору М.Асаналиев, прокуратура органдарынын ардагерлери жана кызматкерлери, Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын жетекчилери, маркумдун жакындары жана кесиптештери катышты.

Коштошуу зыйнатында Башкы прокурор М.Асаналиев сөз сүйлөп, Асанбек Шаршеналиевичтин өмүр жолун, мамлекеттик кызматтардагы жетишкендиктерин, өлкөдөгү укуктук системаны өнүктүрүүгө кошкон зор салымын эскерип, анын кесипкөйлүгү, мыйзамдуулукка болгон умтулуусу жана жетекчи катары алып барган ишмердүүлүгү Кыргызстандын укук системасынын тарыхында өчпөс из калтырганын белгилеп өттү.

Асанбек Шаршеналиевич Башкы прокурор, Конституциялык соттун төрагасы жана башка жогорку кызматтарды жигердүү аркалаган, укуктук чөйрөдө бир катар реформаларды ишке ашырган көрүнүктүү инсан катары эсибизде түбөлүк сакталып калмакчы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button