Коом
Жаан-чачын катуу жаап, туман түшүп, аба-ырайы кескин өзгөрөт

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 20-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт. Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаап, туман түшөт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.