Нарындын тургуну аш берүүнүн ордуна медресени оңдоо иштерине акча берди
Нарында аш берүүнүн ордуна кайрымдуулук кылынды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
Маалыматка караганда, Айбек Куланбаев аттуу Нарын шаарынын тургуну өткөн жылы дүйнө салган апасы Бейшеке кызы Ишебүбү апанын жылдык ашына сарпталуучу каражатты кайрымдуулукка жумшаган.
«Айбек Куланбаевдин атасы Тилек Куланбаевата уул-кыздары, күйөө балдары менен кеңешип, ашка кетүүчү каражатты Нарын шаарындагы “Юсуф Сыдык” атындагы балдар медресесинин ички ремонт иштерине тапшырып берди«,- деп айтылат маалыматта.
“Апабыздын ашын берип койсок деле болмок. Бирок атам, бир туугандарыбыз менен кеңешип, апабызга дайыма багышталып турчу соопчулук кылалы деп бир чечимге келдик. Анан карап көрсөк, Куран, хадис илимин алып жаткан балдар медресесинин ремонт иштери болуп жаткандыгын билип, атабыздын чечими менен ушул жакка берүүнү туура көрдүк”, – деди Айбек Куланбаев.
Бул саамалыкты облус казысы Эрик Молдокулов туура кабыл алып, тапшырылган каражатты медресенин мүдүрүнө толук тапшырып берди. Андан соң апага Куран багыштап, бата кылды.