Саясат
Абхаз, армян номерлүү автоунаалар 6 айдын ичинде мыйзамдаштырылышы керек. Президент жарлыкка кол койду
Абхаз, армян номерлүү автоунаалар 6 айдын ичинде мыйзамдаштырылышы керек. Президент жарлыкка кол койду.
Мыйзамдаштыруу этаптары:
▪️1-этапта документи барлар катталат
▪️2-этапта документи жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп бергендер катталат
▪️3-этапта документи жок унаалар тетик катары сатылат же өлкөдөн чыгарылат
Буга чейин депутаттар өкмөткө армян жана абхаз номерлүү автоунааларга мунапыс берүүнү сунушташкан. Мындай автоунаалардын ээлери мыйзамдаштыруу үчүн 500дөн 1000 долларга чейин төлөөгө даяр экенин айтышкан.
Камчыбек Ташиев Кыргызстанда абхаз, армян номерлүү 15 миңдей автоунаа бар экенин билдирген эле.