Коом

ТИМ:Лос-Анжелестеги токой өртүнөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Калифорнияда (АКШ) өзгөчө кырдаалдын жарыяланышына жана токойлордогу өрттүн күчөшүнө байланыштуу Кыргызстандын Чикагодогу Башкы консулдугу учурда бул аймакта жайгашкан Кыргызстандын жарандары менен байланышта.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, учурда Лос-Анджелес аймагындагы токой өртүндө жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок.

ТИМ Калифорнияда жүргөн жарандарга күчөтүлгөн коопсуздук чараларын көрүүнү жана өрт чыккан аймактарга баруудан баш тартууну сунуштайт.

Өзгөчө кырдаалдар же кыйынчылыктар жаралса, Кыргызстандын Чикагодогу Башкы консулдугунун ишеним телефонуна +1 312 929 34 42 кайрылыңыздар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button