Спорт
Футболчу Гүлжигит Алыкулов карьерасын Россияда улантат

Ал Москванын “Торпедо” клубу менен 2027-жылга чейин келишим түзгөн.
Алыкулов буга чейин Беларустун “Неман” клубунда ойноп, 30 беттеште 8 гол киргизип, 3 ассист жасаган. Команда менен лиганын күмүш медалын жана өлкө кубогун жеңген.
Кыргызстандын 24 жаштагы жарым коргоочусу улуттук кураманын катарында 40 оюн өткөрүп, 5 гол киргизген.
Transfermarkt немец порталы 2022-жылы вингердин баасын 1 миллион еврого баалаган.