Коом

Былтыр 11 айда кумарканалардан бюджетке 271,2 млн сом түштү

Кыргызстанда 2012-жылы кумарканаларга тыюу салынгандан кийин 2022-жылы кайра уруксат берилген. Кумарканаларга уруксат берген өкмөт бара-бара бюджетке жылына 1 млрд сомдон 6 млрд сомго чейин түшүп турат деп көздөгөн. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болдубу, айтор, бюджетке өкмөт күткөн миллиарддар түшө элек.

Бул тууралуу «Акчабар» жазгандай, 2023-жылы кумарканалар бюджетке 100 млн сомго жетпеген акча алып келген. Былтыр түшкөн акча көбөйгөнү менен ал да миллиарддарга жеткен жок: 2024-жылдын 11 айында 271,2 млн сом түштү.

Аталган акчанын 258,3 млн сомун кумарканалар төккөн болсо, 11 млн сому букмекердик жайлардан, 1,8 млн сом оюн автоматтарынан түшкөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button