Коом

Жалал-Абадда баңгизат сатып жүргөндөр кармалды

2025-жылдын 4-январь күнү Жалал-Абад ОИИБдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан, Жалал-Абад облусунун аймагында “К“ аттуу жаран мыйзамсыз баңгизатын сактап, колдонуп, жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат алынган.

Аталган маалымат Ноокен РИИБдин тергөө кызматы тарабынан, кылмыштардын бирдикүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин натыйжасында Жалал-Абад ОИИБдин БМЖКККнын кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин негизинде, кылмышка шектүү катарында 1964-жылы туулган Ноокен районунун тургуну К.Д. жана ага шерик болгон үч жаран кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Ноокен районунун 1964-жылы туулган К.Д., Кочкор-Ата шаарынын 1985-жылы туулган У.С., Майлуу-Суу шаарынын 1976-жылы туулган Д.А. жана 1992-жылы туулган А. уулу А аттуу жарандар аныкталып, баңгизаттын издөөдө ОИИБдин кинология борборунун кызматтык жардамы менен салмагы 500 граммдан ашык марихуана баңгизаты алынган.

Учурда Ноокен райондук соту тарабынан бөгөт коюуу чарасы тандалып алынып, эки айга камакка алынган.

Белгилей кетсек Майлуу-Суу шаарынын 1976-жылы туулган тургуну Д.А. буга чейин соттолуп, Токтогул шаарындагы №52 жатак абагында кармалып жазасын өтөп жатып, кайрадан кылмыштуу шериктери менен кылмыш жасаган.

Учурда тергөө амалдары улантылууда

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button