Коом
Дыйкан-фермерлерге 2-6 пайыз менен жеңилдетилген насыялар берилет
Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында жолугушууларды өткөрдү. Анда кооперативдерге 25-150 миллион сомго чейин 6 пайыз менен 5 жылдык мөөнөткө насыя берилери айтылды. Ал үчүн 200 миллион сомдук долбоор ишке кирген.
Мындан тышкары, Жалал-Абад менен Нарындын фермер, дыйкандары үчүн 35 миллион доллар бөлүнүп жатканы белгиленди.
“Майда чарбалар кооперативдерге биригиши керек. Ошондо дыйкандарга 1,5 пайыз, агрегатка 2 пайыз менен насыя берилет. Алар тамчылатып сугарууга өтүп, так план жана келишимдерди түзүшү шарт”, — деди Төрөбаев.