Спорт
Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиондору аныкталды

Бишкекте эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Бул тууралуу Күрөш федерациясы социалдык тармактарда билдирди.
Өз салмак категорияларында эң мыктылар:
Абдымалик Карачев — 57 килограмм;
Бекболат Мырзаназар уулу — 61 килограмм;
Тайырбек Жумашбек уулу — 65 килограмм;
Эрназар Акматалиев — 70 килограмм;
Орозбек Токтомамбетов — 74 килограмм;
Арсалан Будажапов — 79 килограмм;
Мухаммед Абдуллаев — 86 килограмм;
Бекзад Рахимов — 92 килограмм;
Каныбек Абдулхайыров — 97 килограмм;
Аскер Эфендиев — 125 килограмм.
Эске салсак, буга чейин грек-рим стили боюнча өлкө чемпиондору аныкталган.