Спорт

Улуттук курама команда Кытайда өткөн Азия кубогунда алтын утту

Кыргызстандын байдарка жана каноэ менен сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Кытайдын Гонконг шаарында өткөн Азия кубогунда (6 алтын, 1 күмүш) жеңишти.

Родион Туйгунов жалгыз кайыкта 1000 м, 200 м жана 23 км аралыкта 3 алтын медаль жеңди. Жуптук тайпада 1000 жана 500 метр аралыкка байдарка жарышында Эрлан Султангазиев менен Рысбек Төлөмүшов жеңишке жетишип, алтын медалга ээ болду.

Ошондой эле 200 метрге каноэ менен жарышта Эрлан Султангазиев жеңишке жетти. Ал эми Рысбек Төлөмүшев каноэ менен 1000 метрге сүзүүдө жеңишке жетип, 200 метрге каноэ менен жарышта 2-орунду ээледи.

Курама команда машыктыруучулар Елена Буханцова жана Виктор Чуракаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button