Коом
Таш-Көмүрдө 1 айдан бери дайынсыз болуп жаткан жаран ӨКМ кызматкери болчу

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов 1 айдан бери дайынсыз болуп, изделип жаткан Таш-Көмүр шаарынын тургунунун апасы жана бир туугандары менен жолукту.
Министрдин орун басары жолугушууда ӨКМдин куткаруучулары күчөтүлгөн тартипте атайы техникалардын жардамы менен издеп жатышканын жана мындан ары дагы болгон мүмкүнчүлүккө жараша издеп-куткаруу аракеттери уланарын билдирип, жакындарын сабырдуулукка үндөп, «Бизге да оор болду. Биздин кесиптишибиз эле»,- дегенин угууга болот.
Бул боюнча ӨКМге кайрылганыбызда, дайынсыз болуп изделип жаткан жарандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери экенин тастыкташты.