Коом

Бишкектин эски аянтындагы Лениндин эстелигин алып, төрт райондун аталышын өзгөртүү сунушталды

Нурбек Сыдыгалиев эски аянтка Турдакун Усубалиевдин ысымы 2020-жылы берилгенин эске салып, ал жакта турган Лениндин эстелигинин ордуна Усубалиевдин айкелин коюуну сунуштады. 

Депутат ошондой эле борбордогу төрт районунун аталышын өзгөртүү маселесин кайрадан көтөрдү. 

“Бишкектеги төрт райондун аталышын өзгөртүүнү дайыма көтөрүп келем. Мамлекеттик кадр кызматына тапшырма берип, Кыргызстан боюнча канча ат болсо ошонун баарын даярдап туруп, бир эле мыйзам менен өзгөртүп салалы”, — деди Сыдыгалиев. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button