Коом
Ала-Букада айыл башчысы бычак жеп, ооруканага түштү

Окуя 12-январда 51 жаштагы А.А. аттуу айыл башчы жолдун боюнда мыйзамсыз соода кылгандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан маалда болгон.
Милициянын айтымында, 71 жаштагы аял айыл башчынын жүрөк тушка бычак сайган. Киши ооруканага жаткырылып, аял 48 саатка камакка алынганы маалым болду. Ошондой эле аял 1999-жылдан бери психикалык оорудан жабыркап, каттоодо тургандыгы аныкталган.
Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.