Коом

УКМК: «Отель Евразия» ЖЧКсына таандык 20 гектардан ашуун 729 миллион 682 миң сом болгон жер тилкелери мамлекетке өттү

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында жайгашкан «Бермет» мамлекеттик пансионатынын (Азыркы “Отель Евразия » эс алуу борбору) жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүүгө байланышкан коррупция фактысы боюнча кылмыш иши иликтенүүдө.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу   Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин балансына жалпы аянты 20 гектардан ашык, базар баасы 729 682 000 сом болгон «Отель Евразия» ЖЧКсына таандык жер  тилкелери өткөрүлүп берилди.

КР УКМК мурда мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик объекттерди кайтаруу боюнча тийиштүү иштерди улантууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button