Коом
Быйыл Кыргызстанда бир катар негизги жолдор оңдолот

Быйыл Кыргызстанда Бишкек – Ош жолунун Суусамыр тилкесин оңдоо, Ош – Баткен – Раззаков жолунун калган бөлүгүн куруу, Кырчын жайлоосуна баруучу жолду капиталдык ремонттон өткөрүү, Ысык-Көл айланма жолун реконструкциялоо, Суусамыр – Талас – Тараз автожолунун талап кылынган тилкесин оңдоп-түзөө пландалууда. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында Унаа жана жолдор министри Абсаттар Сыргабаев билдирди, — деп жазды “Акчбар” маалымат порталы.
Бишкек шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу да жазында башталат.
Мындан тышкары, бир катар ички жолдор оңдолот.