Коом
Көк-Жарда газдын жарылышынан эне менен кызы жабыркаган

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Учурда алар ооруканада жатат. Жабыркаган аялдардын улуусу 62 жашта. Анын денесинин 60%ы күйгөн. Абалы өтө оор деп бааланууда.
Ал эми кызы 38 жашта. Анын денесинин 10%ы күйгөн. Абалы туруктуу.