Окуялар
Бишкекте аялын өлтүрүүгө шектүү милицияга өзү чалган

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 19-январда болжол менен саат 20:28 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына эркек киши чалып, 18-январда аялы менен уруша кетип, өлтүрүп алганын айткан.
Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1974-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.