Коом

Эски лифттерди алмаштырууга «Бишкекшаарлифт» ишканасына 165 миллион сом бөлүндү

«Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасына эски лифттерди алмаштырууга 165 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул акчага 100 лифт алмаштырылат. Ошондой эле 2023 жана 2024-жылдары 100 лифт алмаштырылган. Мурунку жылдары муниципалдык ишкана жылына 20 лифтти алмаштырып турган.

Вице-мэр «Бишкекшаарлифт» ишканасы 974 лифтти тейлесе, анын ичинен 547 лифт 25 жылдан ашык иштеп жатканын, башкача айтканда, алардын иштөө мөөнөтүнөн көп экенин билдирди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button